Нарында 4 500 кишиге ылайыкталган заманбап стадион курулууда

Нарында 4 500 кишиге ылайыкталган заманбап стадион курулууда

Нарында спорт инфраструктурасын өнүктүрүү багытында ири долбоор ишке ашууда — шаарда 4 500 орундуу заманбап стадион курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.

Стадиондун жалпы аянты 3,6 гектарды түзүп, ал республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордо спортчулар жана көрүүчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.

Стадиондун аймагында төмөнкүдөй объекттер орун алат:

  • кийим алмаштыруучу жайлар,
  • тамактануучу бөлмөлөр,
  • жатакана,
  • конференц-зал,
  • бир нече административдик бөлмөлөр.

Ошондой эле VIP-коноктор жана медиа өкүлдөрү үчүн өзүнчө шарттар түзүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>