Нарында Кыргызстан менен Орусиянын мугалимдери катышкан форум болуп өттү

Нарында Кыргызстан менен Орусиянын мугалимдери катышкан форум болуп өттү

10–12-июль күндөрү Нарын шаарында “Ачык педагогикалык аянтча” аттуу педагогикалык форум болуп өттү. Иш-чараны Орусиянын Башкортостан республикасындагы Акмулла университети уюштурган. Бул тууралуу аталган университет маалымдады.

Маалыматка ылайык, форумга Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана билим берүү тармагынын адистери катышкан.

Форумдун негизги темасы билим берүүдө салт менен жаңычылдыкты айкалыштыруу болгон. Иш-чарада катышуучулар тажрыйба алмашып, жаңы методдор жана заманбап билим берүү технологиялары менен таанышышкан.

Тренингдер, мастер-класстар, презентациялар, лекциялар өткөрүлгөн.

Айрыкча көңүл “чечимдер лабораториясына” бурулуп, анда мектеп билим берүүсүндөгү актуалдуу маселелер талкууланып, окуу процессин өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>