Нарында сел 45 үйдүн короо-жайын каптап кетти

Нарында сел 45 үйдүн короо-жайын каптап кетти

22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Нарын шаарынын Ак-Коргон, Интернат аймактарында жайгашкан турак жайларды, көчөлөрдү тоо коктуларынан түшкөн сел суулары каптады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Алдын ал маалыматка ылайык, сел 45 турак үйдүн короо-жайын каптап, 2 турак жайдын ичине кыян суулары кирген. Алардын ичинен 14 турак жай камсыздандырылган.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн жалпы 30 куткаруучу тартылып, турак жайлардын ичиндеги сууларды сыртка сордуруп чыгышкан.

«Жалпы сел кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 49 куткаруучу, Нарын шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 28 кызматкер иш алып барууда»,- деп билдирди министрлик.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>