Нарында Шамшы суу сактагычынын курулушу аяктоо алдында турат

Нарында Шамшы суу сактагычынын курулушу аяктоо алдында турат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Нарын облусунда курулуп жаткан Шамшы суу сактагычынын курулушу аяктоо стадиясына жетти. Бүгүнкү күнгө карата курулуш иштеринин 80 пайызы бүткөрүлгөн.

Ири инфраструктуралык долбоор катары бааланган бул суу сактагычтын курулушу үчүн жалпысынан 15,972 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Каржылоо булактары катары Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети катышкан.

Шамшы суу сактагычты Кочкор дарыясынын сол куймасы — Шамшы суусу толуктайт. Долбоо аймактагы ирригация системасын жакшыртуу менен, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана суу ресурстарын туруктуу пайдаланууга чоң салым кошот.

Министрлик билдиргендей, объектти ишке берүү агрардык сектордун сугатка болгон көз карандылыгын азайтып, жергиликтүү фермерлердин эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>