Нарында жол кырсыгынан 9 адам жаракат алды

Нарында жол кырсыгынан 9 адам жаракат алды

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгынан 9 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-июнда  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 173-чакырымындагы Кувакы ашуусунда «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган.  Анда айдоочу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып ташты сүзгөн.

Натыйжада унаада бара жаткан 5 адам жана 4 бала болуп, баш аягы 9 адам жеңил жаракаттарды алган.   

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берген.

[su_image_carousel source=»media: 32387,32386″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>