Нарын районунун Жерге-Тал айылындагы жайыт жаңжалы дагы эле токтой элек.
Жергиликтүү эл өздөрүнө тиешелүү болгон Кумбел жайлоосун Кочкорлуктарга ижарага берүүгө каршы чыгып келишет.
9-июнда жергиликтүү тургундар менен милициянын ортосунда кагылышуу болду.
Анда бир адам, нааразычылыкка чыкканы үчүн ага айып салынганын айтып, өзүн өрттөөгө аракет кылды. Милиция менен эл аны токтотуп калды.
Жерге-Тал аймагынын тургундары буга чейин адилеттүү чечим талап кылып, президентке дагы кайрылышкан.
Облустук бийлик бул маселени эки жылдан бери чече албай келет.