Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Нарындын жолун убагында бүтүрбөгөндөр камакка алынды
01.09.2025 | 09:43

Нарында жол курулушундагы мыйзам бузуулар үчүн бир катар жооптуу адамдар камакка алынды. Бул тууралуу журналист Нургазы Анаркулов маалымдады.
Анын айтымында, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн асфальттоо иштериндеги мыйзам бузууларга байланыштуу чаралар көрүлүп, камакка алынгандардын арасында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары жана “Бета групп” ЖЧКнын аткаруучу директору бар.
Белгилей кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев Сузак районундагы жол курулуштарын көрүп чыгып, Нарын шаарындагы аталган көчөлөрдү куруп жаткан компанияларга карата чара көрүүнү УКМКнын Нарын облустук башкармалыгына тапшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар