«Нефролайн» Кара-Балтада диализ борборун ачты

Кара-Балта шаарында жаңы «Нефролайн» диализ борбору иштей баштады. Акыркы муундагы 15 «жасалма бөйрөк» аппараты менен жабдылган бул медициналык мекеме шаар үчүн курч турган бөйрөктү алмаштыруучу терапиянын жеткиликтүүлүгү маселесин чечүүгө багытталган.
Борбордун ачылышы бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздигинен жабыркаган бейтаптардын жумасына бир нече жолу процедура үчүн коңшу калктуу конуштарга баруу түйшүгүнөн арылтат. «Бул адамдарга ашыкча убакыт коротпостон жана жол жүрүп чарчабастан, үйүнө жакын жерден керектүү жардам алууга шарт түзөт. Ошондой эле күнүмдүк режимин сактап калууга мүмкүнчүлүк берет, бул алардын ден соолугу жана жашоо сапаты үчүн өтө маанилүү», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында ишке ашырылды. Медициналык жардам бейтаптарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) программасы боюнча көрсөтүлөт. Жаңы борбор медициналык шаарчада жайгашкан. Башка дарылоо мекемелерине жакындыгы жана алардын адистери менен түзүлгөн тыгыз байланыш бөйрөк патологияларын алгачкы этаптарында аныктоого мүмкүндүк берет деп билдирди «Нефролайн».