Ноокатта 4 млн сомдук бала бакчаны 60 миң сомго сатып жиберишкен

Ноокатта 4 млн сомдук бала бакчаны 60 миң сомго сатып жиберишкен

Ноокат райондук прокуратурасы район аймагындагы бала бакчанын мыйзамсыз арзан баага сатылып кеткендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокурадан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, Арбын айылында жайгашкан бала бакча 0,18 га жер аянты менен болгону 60 миң сомго сатылган.

Аны сатууга Ноокат райондук жер жана агрардык реформа боюнча борбору буйрук чыгарып, Кеӊеш айыл өкмөтү токтом кабыл алган.

Бирок текшерүүнүн натыйжасында бала бакчанын баасы 4 млн. 129 миң сомду түзөөрү аныкталган.

Аталган факты боюнча Жазык кодексиндеги (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”)  беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган. Райондук прокуратура бала бакчаны жеке менчике өткөрүү жөнүндө кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу үчүн сотко доо арыз жөнөткөн.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык социалдык багыттагы объектилерди жеке менчикке өткөрүүгө тыюу салынат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>