Ош облусунун Ноокат районунун Жин-Жиген айылындагы шахтада бир жаран газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-июнда кечки саат 20:35тер чамасында болгон. Жерине ӨКМнин куткаруучулары барып, жарандын жансыз денесин шахтадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.