Ноокен районунда10 жаштагы кызды зордуктоого шектүү катары 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
“Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокен районунун тургуну 2000-жылы туулган А.А. кармалып, Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде камакка алынган. Бүгүн Ноокен райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт”, — деп жазылат мекеме жиберген маалыматта.
Белгилей кетсек, 28-январда жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш адам зордуктап койгонун айтып, милицияга кайрылган.
Ноокен райондук милициясы шектүүгө издөө жарыяланган.