Нооруз – 2023: Бишкекте бир тоннадан ашык сүмөлөк даярдалды

Нооруз майрамына карата Бишкекте бир тоннадан ашык сүмөлөк даярдалды.  «Дасмия» этнокомплексинде сүмөлөк кайнатуу аземи өттү. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, борбор калаанын вице-мэрлери, Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген аялдар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана 200гө жакын шаар тургундары катышты. Жалпысынан 1 тонна 200 литр сүмөлөк даярдалды. Нооруз күнү таттуулар кыргызстандыктарга жана балдар үйлөрүнө бекер таратылат. … Читать далее Нооруз – 2023: Бишкекте бир тоннадан ашык сүмөлөк даярдалды