Криштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияландыУлуттук банк 2026-жылдагы пайдасын толугу менен мамлекеттик бюджетке которотЕӨБ Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүүгө 370 миңден ашык доллар бөлөтМанас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу завод ачылды
Нооруз – 2023: Бишкекте бир тоннадан ашык сүмөлөк даярдалды
21.03.2023 | 09:49
Нооруз майрамына карата Бишкекте бир тоннадан ашык сүмөлөк даярдалды. «Дасмия» этнокомплексинде сүмөлөк кайнатуу аземи өттү.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, борбор калаанын вице-мэрлери, Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген аялдар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана 200гө жакын шаар тургундары катышты.
Жалпысынан 1 тонна 200 литр сүмөлөк даярдалды. Нооруз күнү таттуулар кыргызстандыктарга жана балдар үйлөрүнө бекер таратылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом