УКМК Новопавловка айылындагы сейил бак курулушундагы ири каржылык мыйзам бузуу боюнча үч аткаминердин кармалганын кабарлады. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 1,1 гектар жерге курула турган сейил бак үчүн 31,9 млн сом бөлүнгөн. Тендерди уткан “Орбитал-Строй” ЖЧКсы ишке жооптуу болгон.
УКМК билдиргендей, Ленин райондук администрациясынын жетекчилери курулушка талаптагыдай көзөмөл жүргүзгөн эмес, подрядчы болсо өз пайдасын ойлоп, ишти сапатсыз аткарган. Текшерүүнүн жыйынтыгында 5 млн 200 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.
Мындан тышкары, сугат суу системасы ичүүчү сууга кошулуп, экологиялык талаптарга жооп бербегендиктен, “Жашыл чарба” муниципалдык ишканасы сейил бакты баланска алган эмес. Натыйжада, курулган эс алуу жайы каралбай калып, жалпы 31,9 млн сом ысырап болгон.
Бул фактыга байланыштуу кармалгандар:
— Новопавловка айыл өкмөтүнүн жетекчи орун басары Р.Э.А.
— “Орбитал-Строй” ЖЧКсынын директору (подрядчы) Д.Ж.Д.
— Ленин райондук администрациясынын техникалык көзөмөл өкүлү С.Г.С.