Новопавловкада 3 млн сомдук акциздик маркасы жок мотор майлары табылды

06.04.2026 | 14:59

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Новопавловка айылында акциздик маркасы жок мотор майларын сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маркаланбаган 294 даана мотор майы табылды. Алынган продукциянын жалпы көлөмү 10 миң 824 литрди түзөт. Товардын суммасы болжол менен 3 млн сом деп бааланууда.

Учурда аталган факт боюнча процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Материалдар тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Scroll to Top