Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кечээ, 13-декабрь күнү саат 14:36 чамасында Новопокровка айылынын түштүк жагында жайгашкан кашардан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 4 киши каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метр болгон. Кырсыктын кесепетинен каза болгондор: 1 аял киши, 1 кыз, 2 кичинекей бала.
Өрттү өчүрүүгө Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 2 бөлүм, Аламүдүн базарынын өрт өчүрүү кошуунунан 1 даана атайын өрт өчүрүү унаасы тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:14тө чектөөгө алынып, саат 20:47де толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.