Новопокровкадагы көрүстөндөн темир тосмолорду уурдап жаткан эки адам кармалды

Новопокровкадагы көрүстөндөн темир тосмолорду уурдап жаткан эки адам кармалды

Новопокровка айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери айылдагы көрүстөндөн эки ууруну кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Шектүүлөр 28-февралда мүрзөлөрдүн темир тосмолорун уурдоо аракети учурунда кармалган. Андан соң милицияга 47 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, ал чоң атасынын мүрзөсүндөгү тосмолор уурдалганын айткан», — деп билдирди милициядан.

Кармалгандардын бири 34 жашта, экинчиси 42 жашта. Тергөөдө экөөнүн тең ушул сыяктуу төрт кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>