Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталдыЯкутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтүп, эки өлкөнүн ишкерлер кеңеши түзүлдүКазакстандан ташылып келе жаткан 14 тонна ун өлкөгө киргизилген жокMicrosoft’тун серверлери хакердик чабуулга кабылдыОрусия менен Өзбекстан газ-химия тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
Казакстандан ташылып келе жаткан 14 тонна ун өлкөгө киргизилген жок
22.07.2025 | 15:05
Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 14 тонна ун, өлкөгө киргизилбей кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-июлда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң Капка» өткөрүү пунктуна жакын «Жыйынды постунда» текшерүү жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында аталган 14 тонна ун карантиндик фитосанитардык талаптарга жооп бербей турганы аныкталган. Тактап айтканда, фитосанитардык сертификаттагы маалыматтар менен жүктүн транспорттук документтериндеги маалыматтардын дал келбегендиги белгилүү болгон. Мындан улам жүк Казакстанга кайра кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар