Бишкекте дагы бир үч эм жарык дүйнөгө келди

10.07.2025 | 16:31

Бишкек шаарында дагы бир кубанычтуу окуя – үч эм ымыркайлар жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Корумду айылынын тургуну 7-июль күнү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык бөлүмүнө жаткырылган. Бул анын жетинчи кош бойлуулугу жана бешинчи төрөтү болгон.

2025-жылдын 8-июлунда, борбордун дарыгерлеринин макулдашылган иш-аракетинин негизинде салмагы 2535, 2345 жана 2520 грамм болгон үч ден соолугу чың кыз ымыркай жарык дүйнөгө келди.

“Орто даражадагы аз кандуулукка карабастан, кош бойлуулук ийгиликтүү аяктады. Кесарево операциясы алдын ала пландалган жана минималдуу кан жоготуу менен жүргүзүлдү”, — деп билдирди Улуттук борбордон.

Эске сала кетсек, июль айынын башында да Бишкектеги Шаардык перинаталдык борбордо дагы бир үч эм төрөлгөнү кабарланган.

Scroll to Top