Кыргызстандык Рыскелди Старбеков “Славян базарында” коло байге жана атайын сыйлыкка ээ болду

15.07.2025 | 05:51

Кыргызстандык ырчы Рыскелди Старбеков Беларуста өтүп жаткан “Славян базары” фестивалынын алкагындагы XXXIV жаш аткаруучулардын Эл аралык “Витебск-2025” сынагында коло байгени жеңип алды.

Мындан тышкары, ага Беларусь Президенти Александр Лукашенконун атайын сыйлыгы — “Славян үмүтү” ыйгарылды.

Scroll to Top