Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталдыЯкутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтүп, эки өлкөнүн ишкерлер кеңеши түзүлдүКазакстандан ташылып келе жаткан 14 тонна ун өлкөгө киргизилген жокMicrosoft’тун серверлери хакердик чабуулга кабылдыОрусия менен Өзбекстан газ-химия тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталды
22.07.2025 | 18:53
Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги жарыялады.
Маалыматка ылайык, бул үчүн ишкер Соода-өнөр жай палатасына кайрылып, арыз тапшыруусу керек. Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү 2025-жылдын 5-августунда аяктайт. Ишкерди аталган реестрге кошуу ишкердик субъекттерин тандоо боюнча туруктуу иштеген мекемелер аралык комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Реестрге киргизилген ишкерлер төмөнкү артыкчылыктарга ээ болушат:
- Мамлекеттик телеканалдар менен макулдашылган медиаплан боюнча медиаберүү үчүн акысыз эфирдик убакыт;
- Салык кызматтарынан кезексиз тейлөө;
- Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге жана форумдарга акысыз катышуу;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн тышкары, башка мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан үч жылдык текшерүүдөн бошотуу (Реестрге киргизилген күндөн тартып);
- Мамлекеттик насыялоо программаларынын алкагында жеңилдетилген каржылоо мүмкүнчүлүгү.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: ишенимдүү ишкер, реестр