Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталдыЯкутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтүп, эки өлкөнүн ишкерлер кеңеши түзүлдүКазакстандан ташылып келе жаткан 14 тонна ун өлкөгө киргизилген жокMicrosoft’тун серверлери хакердик чабуулга кабылдыОрусия менен Өзбекстан газ-химия тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингдеги алгачкы беттешинде жеңишке жетти
21.07.2025 | 13:44
Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык бокстогу алгачкы беттеши ийгиликтүү өтүп, атаандашын жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-июлда Бишкек шаарында “Достук кечеси” аттуу бокс боюнча эл аралык беттеш болуп өттү. Иш-чара Жапониянын “SAIKOU LUSH” промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулган. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Жапониянын, Уганданын жана Филиппиндин мушкерлери катышкан.
Анда Мунарбек Сейитбек уулу Угандадан келген атаандашы мушкер Коннрад Серуен менен беттешкен. Жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарышкан.
Белгилей кетсек, Мунарбек Сейитбек уулу — Париж олимп оюндарынын күмүш жана дүйнө чемпионатынын коло байге ээси.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: бокс, Мунарбек Сейитбек уулу