Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусунун милдетин Урмат Абдукаимов аткарат

16.07.2025 | 17:22

Кыргызстандын футбол федерациясы Улуттук курама команданын убактылуу башкы машыктыруучусу катары Урмат Абдукаимов дайындалганын билдирди.

Мындай чечим мурдагы машыктыруучу Максим Лисицын менен келишимдин 30-июнда аяктаганына байланыштуу кабыл алынды. Учурда КФС жаңы машыктыруучу издөөнүн үстүндө.

Абдукаимов АФКнын А, B жана C категориядагы машыктыруучулук лицензияларына ээ. Ал буга чейин Стефан Тарковичтин штабында иштеп, азыр “Талант” клубунун башкы машыктыруучусу.

Кыргызстандын курама командасы августта Өзбекстан менен Тажикстанда өтө турган CAFA Улуттар Кубогуна катышат.

Рубрики: Спорт
Теги: футбол
Scroll to Top