«Мейкин Азия» фестивалынын баш байгесин румыниялык аткаруучу жеңип алдыСадыр Жапаров жана Ухнаагийн Хурэлсух «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалына барыштыКыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталдыЯкутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтүп, эки өлкөнүн ишкерлер кеңеши түзүлдүКазакстандан ташылып келе жаткан 14 тонна ун өлкөгө киргизилген жок
Якутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болду
22.07.2025 | 18:40
Орусиянын Саха Республикасынын (Якутия) Нерюнгрин районунда болгон жол кырсыгы болуп, Кыргызстандын үч жараны каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 20-июлдан 21-июлуна караган түнү болгон. “Чыгыш Денисовская» шахтасынын кызматкерлерин ташыган автобус жарга кулап түшкөн. Кырсыктан 13 киши каза таап, анын ичинде 44 жаштагы М.У.М., 34 жаштагы К.у.К. жана 25 жаштагы Э. А. аттуу кыргызстандык жарандар бар болгон.
Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсеси каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүп, анын ичинде сөөктөрдү мекенине жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: жол кырсык, Якутия