Жогорку соттун мурдагы төрайымы Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 31-январда ал Жогорку соттун төрайымдыгынан бошотулган.
Бүгүн ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Жогорку соттун башчысынын орун басары болуп дайындалды.
Садыр Жаапров ошондой эле төраганын орун басарлыгына Нурлан Мусаев менен Айбек Давлетовду дайындады.