Нурлан Мотуев кечээ, 8-июлда, социалдык тармактагы видеолоруна байланыштуу түшүндүрмө берүү үчүн Свердлов райондук милициясына жеткирилген.
ИИМдин маалыматына ылайык, ал милиция бөлүмүндө сөгүнүп-сагынып, агрессия көрсөткөн. Натыйжада, соттун чечими менен Мотуев 5 суткага административдик камакка алынган.