ӨКМ: Өрт коопсуздугу ар бир жарандын жоопкерчилигинде

23.10.2025 | 12:11

Акыркы мезгилде Ош шаарында жана өлкө аймагында өрт кырсыктарынын көбөйүшү коомчулуктун тынчсыздануусун жаратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кырдаалга байланыштуу расмий кайрылуу жасады.

Министрликтин маалыматына караганда, 2025-жылдын январь–сентябрь айларында республика боюнча 2 748 өрт катталган. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25%га көп. Өрт кырсыктарынын кесепетинен 40 адам, анын ичинде 12 бала каза болгон.

«Өрт коопсуздугу жөнүндө» мыйзамга ылайык, министрликтин кызматкерлерине жеке турак үйлөрдү текшерүүгө укук берилген эмес. Ошентсе да, министр Бообек Ажикеевдин буйругуна ылайык, ӨКМ кызматкерлери турак үйлөрдү кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жана эскертүү баракчаларын таратууда.

ӨКМ кышкы мезгил жакындагандыктан, жарандарды электр жылыткычтарын жана мештерди колдонууда абайлап, эски электр зымдарын алмаштырууга, тармактарды ашыкча жүктөбөөгө чакырды.

«Өрттүн эң көп чыгуу себептеринин бири — электр приборлорунун туура эмес колдонулушу. Ар бирибиз өз коопсуздугубуз үчүн жооптуу экенибизди унутпайлы», — деп белгиленди министрликтин кайрылуусунда.

ӨКМ жарандарды өз өмүрүн жана жакындарынын коопсуздугун сактоо үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Кырсык болгондо 101 жана 112 (бирдиктүү куткаруу кызматы) номерлерине чалууга болот.

Scroll to Top