Өкмөт башчы Бишкектеги ири стадиондун жана конгресс-холлдун курулушу менен таанышты

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы эл аралык класстагы стадиондун жана конгресс-холлдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган бул заманбап спорттук комплекс ФИФАнын эң жогорку стандарттарына ылайык курулуп жатат. Ал өлкөдөгү эң ири стадион болуп, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
“Бийиктиги 70 метр жана диаметри 280 метр болгон тегерек формадагы сегиз кабаттуу имарат кыргыз спортунун визиттик картасына айланат деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, күйөрмандардын ыңгайлуулугу үчүн 1800 унаа токтотуучу жай каралган, кошумча долбоорлоо аркылуу 3000ге чейин кеңейтүүгө болот”,- деп айтылат маалыматта.
Адылбек Касымалиев мындай масштабдуу объектилерди куруу өлкөнүн келечегине, спортту жана туризмди өнүктүрүүгө, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө инвестиция экенин айткан. Ошондой эле бардык курулуш нормаларын так сактоонун жана жумуштарды белгиленген мөөнөттө бүтүрүү зарылдыгын белгилеген.

Андан ары өкмөт башчы Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги президенттин администрациясы “Ынтымак-Ордонун” жанында курулуп жаткан “Конгресс-Холл” объектисинин курулуш аянтына барып, имараттын негизги кабаттары менен жеке өзү таанышып, расмий делегациялар үчүн залдарды жана конок үйлөрүн көргөн.
Ал конгресс-холл эң заманбап талаптарга жооп бериши керектигин жана Кыргызстандын меймандостугун жана өнүгүү деңгээлин көрсөтүп, эл аралык форумдарды жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү үчүн татыктуу аянтча болушу керектигин билдирген.