Өкмөт башчы кийинки жылы айлык маяналар канча пайызга көтөрүлөрүн айтты

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 2026-жылы мамлекеттик кызматркерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу ал мамлекеттик телеканалдарга берген маегинде айтты.
Касымалиевдин айтымында, өкмөт 2024-жылдан бери айлык акыларды көбөйтө баштаган. Дарыгерлер, мугалимдердин маянасы 10%дан 130%га чейин көтөрүлгөн. Эми өкмөт келерки жылы да айлык акыларды көтөрүүнү пландоодо.
Минкаб башчысы бул эки этап менен ишке ашырыларын билдирди. Биринчи этапта 1-апрелден тарта мугалим, дарыгер, маданият жана тейлөө тармактарында иштеген кызматкерлердин айлыгын 50%дан кем эмес көтөрүү каралууда.
Ал эми экинча этапта 1-сентябрдан баштап муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын дагы 50%га жогорулатуу пландалууда.
Касымалиев айлыктарды көбөйтүү үчүн бюджетке кошумча 39 миллиард сом киргизилгенин кошумчалады.
“Эми бул жаатта биз ишти дагы улантабыз, эң башкысы кошумча каражаттар түшүп турса, айлыктарды дайыма көтөрүп турабыз”,- деди ал.