Өкмөт кагаз-картондорду ЕАЭБдин аймагынан тышкары экспорттоого убактылуу чектөө киргизди

Өкмөт кагаз-картондорду ЕАЭБдин аймагынан тышкары экспорттоого убактылуу чектөө киргизди

Министрлер кабинети Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ЕАЭБ ТЭТ ТН 4707 коду менен классификацияланган кайра иштетилүүчү кагаз жана картонду (макулатура жана калдыктар) алып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул чектөө транзит, ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамга тиешелүү эмес.

Токтомдун максаты жана милдети ички рынокто чийки зат ресурстарынын кескин жетишсиздигине жол бербөө жана даяр продукцияны өндүрүүнү жана экспортун стимулдаштыруу болуп саналат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>