Министрлер кабинети Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин Ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Токтомго ылайык, ИИМ Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин ээси болуп, анын талаптагыдай жүргүзүүгө жоопкерчилик алат.
Ал эми “Кызмат” мамлекеттик мекемеси “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун техникалык оператору болуп дайындалды.
«Бул чечим укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгууда ачык-айкындуулукту жана эффективдүүлүктү камсыз кылууга, ар кандай мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны жакшыртууга мүмкүндүк берет»,- деп айтылат маалыматта.