Өкмөт Улуттук өнүгүү программасынын планына жарандардын сунуштарын кабыл алууну баштады

Өкмөт Улуттук өнүгүү программасынын планына жарандардын сунуштарын кабыл алууну баштады

Министрлер кабинети 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын иш-чаралар планына жарандардын сунуштарын кабыл алууну баштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өкмөт аталган планды түзүү процессинде ачыктыкты жана коомчулуктун кеңири катышуусун камсыз кылууну максат кылууда.

Мындан улам өкмөт мамлекеттик кызматкерлерди, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүн, жарандык активисттерди, ишкерлерди жана бардык кызыкдар жарандарды аталган планды түзүүгө катышууга чакырат.

Сунуштарды кабыл алуу үчүн атайын формуляр иштелип чыккан. Аны толтуруп, plan2030@mail.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек. Сунуштар 2025-жылдын 31-июлуна чейин кабыл алынат.

Өкмөт жалпы жарандарды өлкөнүн туруктуу жана гүлдөгөн келечегин калыптандыруу ишине салым кошууга чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>