Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумушчу сапарын жыйынтыктады. Эмнелер тууралуу сөз болду?Маркировкасы жок болгондуктан Казакстандан келген 25 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокКыргызстанда 2026-жылкы балык уулоо сезону расмий ачылдыГуанчжоу – Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар аткарыла баштадыОш көчөсүн капиталдык оңдоп-түздөө иштери башталды30-март: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот
Өкмөт жыгачты ЕАЭБден сырткары ташып чыгууга тыюу салууну узартты
26.12.2025 | 12:53

Министрлер кабинети жыгач жана жыгач материалдарын ЕАЭБ аймагынан тышкары экспорттоого коюлган убактылуу тыюу салууну дагы 6 айга узартты. Тиешелүү токтом «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Токтомго ылайык, чектөө ЕАЭБ ТЭИ ТН 4401, 4403 жана 4407 коддору менен классификацияланган жыгач жана жыгач материалдарга киргизилди. Ал эми гуманитардык жардамдарга бул чектөө тиешелүү эмес.
Мамлекеттик бажы кызматына жана Чек ара кызматы тыюу салынган товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюу үчүн кошумча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эске салсак, өкмөт буга чейин да өлкөдөн жыгач экспорттоого 6 айга тыюу салган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика