Өкмөттө «Текстиль Транс» ишканасын жана өлкөнүн текстиль тармагын өнүктүрүү маселелери каралды

16.09.2025 | 11:31

15-сентябрда Кыргызстандын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйыны өтүп, анда өлкөдөгү текстиль тармагын өнүктүрүү маселелери каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында «Текстиль Транс» ишканасынын маселелери, ошондой эле “пахта” кластеринин учурдагы көйгөйлөрү жана тармакты андан ары өнүктүрүү жолдору талкууланган. Ошондой эле пахта ийрүүчү фабрика куруу демилгеси сунушталган.

Маалыматка ылайык, «Текстиль Транс» ишканасы – өлкөдөгү текстиль продукциясын чыгарган жана ири көлөмдөгү өндүрүштүк кубаттуулукка ээ алдыңкы ишканалардын бири. Ишкана жылына 6,5 миң тонна пахта чийки затын кайра иштетүү жана 4,5 миң тоннага чейин жип чыгаруу кубаттуулугуна ээ.

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жыйында долбоорлорду ишке ашырууда каржылык көзөмөлдү күчөтүү, чийки зат базасын камсыз кылуу жана рыноктук бааларды жөнгө салуу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу, агрардык жана текстиль секторлорун өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасоо сыяктуу бир катар тапшырмаларды берген.

Scroll to Top