Октябрда Кыргызстанда «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы башталат

Октябрь айынан тарта Кыргызстанда «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы башталат. Анда өлкө боюнча 18 жаштан жогору аялдар жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлорун жана алгачкы белгилерин аныктоо үчүн текшерүүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Текшерүүлөр үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунда, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана фельдшер-акушердик пункттарда жүргүзүлөт.
Министрликтин маалыматында, гипертония, диабет, сүт бездеринин рагы жана жатын моюнчасынын рагы сыяктуу жугуштуу эмес оорулар саламаттык сактоонун негизги көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Бул иш-чара аталган оорулардын алдын алууга жана тобокелдикти азайтууга багытталат.
Бир айлык Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун колдоосу менен уюштурулууда. Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барат.