Окуу жайлардагы зомбулуктун алдын алууга багытталган улуттук изилдөө жүргүзүлүүдө

Агартуу министрлиги Кыргызстандын бала бакча, мектеп, кесиптик лицейлериндеги жана кошумча окуу жайларындагы зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоо маселелерине арналган улуттук изилдөөнү жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук изилдөөнүн алкагында министрликте жыйын өткөрүлгөн. Ага Агартуу министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан.
Жыйында окуу жайлардагы балдардын тарбиясын жөнгө салуу, балдарды коргоо жана зомбулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер, бул багытта мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана коомдук институттардын өз ара кызматташуусу тууралуу маалыматтар берилип, көйгөйлүү маселелер талкууланган.
Улуттук изилдөөнүн жыйынтыгында билим берүү уюмдарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн тарбиясын жөнгө салууга, укук бузуулардын жана зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга багытталган тиешелүү документ иштелип чыгат.