Окуучулар арасында өткөн “Жеңиш ырын ырдайбыз” аттуу онлайн фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды

Окуучулар арасында өткөн “Жеңиш ырын ырдайбыз” аттуу онлайн фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” аттуу онлайн фестивалга мектеп окуучуларынан 12 миң видео келип түштү. Анын 8 миң 818и көркөм окуу багытында, 3 миң 181и обондуу ырлар категориясына жолдонгон. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Калыстар тобунун чечими менен 1 миң 590 баланын обондуу ырлары сынактын талаптарына жооп берет деп кароого алынды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр катышуучулардын жаш курагына жараша 3 категорияда аныкталды. 90 окуучу лауреат, 386сы дипломант деп табылды.

Ал эми көркөм окуу жаатында 4 миң 283 баланын эмегеги сынактын талаптарына жооп берет деп кароого алынды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр катышуучулардын жаш курагына жараша 4 категорияда аныкталды. 90 окуучу лауреат, 386сы дипломант деп табылды.  Сынактын жыйынтыгы боюнча “Көркөм окуу” сынагында 178 катышуучу I, II, III даражадагы дипломдорго жана «Лауреат» наамына ээ болушту. Ал эми 2 миң 566 катышуучу “Дипломант” наамына ээ болушту.

Сынакта байгелүү орундарды алгандар смартфон, китеп сатып алуу үчүн 2000 сомдук сертификат жана блютуз наушниктер менен сыйланат.

Жеңүүчүлөрдүн тизмесинин шилтемеси.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>