Кыргызстандын мектептеринде күзгү каникул 31-октябрдан тарта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, базистик окуу планына ылайык, күзгү каникул 7 календарлык күн – 31-октябрдан 6-ноябрга чейин болот.
«7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыялангандыктан, мектептерде сабактар 9-ноябрдан тарта башталат», — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда