Old Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?
Нөшөрлөп жааган жаандан улам Old Bishkek комплексин суу каптап, бул окуя борбор калаанын чок ортосунда суу агызуу тутумундагы (водоотведение) көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Социалдык тармактарда бул көрүнүш кызуу талкуу жаратып, шаардыктар убада кылынган «Монте-Карло» долбоорун мыскылдап «Венецияга» салыштырышты.
Бул окуяга долбоордун автору Нариман Түлеев үн катты. Ал шаардыктарга жасаган кайрылуусунда объектте курулуш иштери дагы деле аягына чыга электигин, дал ушул жагдай суу агызуу тутумунун толук иштебей калышына негизги себеп болгонун баса белгиледи.
Түлеев долбоорду толук пайдаланууга берүү 2026-жылдын апрель-май айларына пландалганын, ошондо гана команда иштин жыйынтыгын көрсөтөрүн маалымдады. Old Bishkekтин автору Бишкек тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана бири-бирине карата мээримдүү болууга чакырды.