Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда кол койгон Жарлыкка ылайык Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
Эске салсак, ушул жылдын 24-майында Панкратов экономика министри кызматынан арызын жазып, отставкага кеткен.
Эмгек жолу:
1999-2006-жылдары “Ишкерлер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы;
2006-2010-жылдары “БизнесПравоИнфо” ишканасынын директору;
2010-2013-жылдары экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
2013-2015-жылдары өкмөт башчысынын кеңешчиси, ЕАЭБ жана Бажы биримдиги боюнча адис;
2015-жылдын май айынан ноябрь айына чейин экономика министри, вице-премьер-министр;
2018-жылдын 20-апрелинен тарта экономика министри.