Оливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасы И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын энергетикасынын келечеги тууралуу талкууну жаратты. 

24.03.2026 | 16:50

Заманбап дүйнө өсүп жаткан экономиканы ишенимдүү энергия менен камсыз кылып, ошол эле кезде планетаны климаттын өзгөрүшүнүн таасиринен кантип сактап кала алат?- деген татаал тандоодо турат.

И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети 2026-жылдын 23-мартында энергетиканын келечеги тууралуу суроолорго жооп издөөчү аянтчага айланды. “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү аталган университетте Оливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасын атайын көрсөтүп, студенттер үчүн агартуучу викторина уюштурду.

Көпчүлүк эл атомдук энергетиканын айланасындагы стереотиптерге көз каранды. “Оскар” сыйлыгынын үч жолку ээси Оливер Стоундун чыгармасы коомдо болуп жаткан коркунучтарга чакырык таштады. Режиссер өзүнүн даректүү тасмасында атомдук энергияны декарбонизациялоонун жана дүйнөдө глобалдык энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги каражаты катары колдонууну жактайт. Уникалдуу жаратылышы жана энергетика тармагында кубаттуулугу өсүп жаткан Кыргызстан үчүн бул сүйлөшүү мурдагыдан да актуалдуу. “Росатом” мамлекеттик ишканасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов студенттерге өз кайрылуусунда белгилегендей, көмүртек-нейтралдуу тең салмактуулугуна өтүү үчүн өлкөнүн бардык энергетикалык тармагында комплекстүү чечимдер талап кылынат.

“Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, мисалы, атомдук энергия сыяктуу бекем пайдубал керектелет. Климаттык жана аба ырайынын өзгөрүшүнө көз каранды болгон күн, шамал жана гидроэнергетикадан айырмаланып, АЭС негизги базалык, үзгүлтүксүз кубаттуулукка кепилдик берет. Атомдук станциянын ГЭС менен байланышта иштеши суу азайган кезде гидроэлектростанциялардагы оорчулукту азайтып, суу сактагычтагы суунун запасын сактап турат. Дал ушул туруктуу атомдук генерациянын жана энергия булактарынын жаңыланышынын айкалышы өлкөнү ондогон жылга алдын ала таза энергия менен камсыз кылууга жөндөмдүү оптималдуу энергетикалык балансты түзөт” – деп, баса белгиледи Дмитрий Константинов.

Иш-чара “Atomic Quiz” форматындагы интеллектуалдык оюн менен жыйынтыкталып, студенттер таза энергия, анын ичинде аддетивдик технологиялар тууралуу суроолор боюнча өз билимдеринин деңгээлин көрсөтүшүп, талкууга активдүү катышышты.

Квиз “Атом тармагынын маалымат борбору” автономдуу коммерциялык эмес уюмдун материалдарынын негизинде даярдалып, катышуучуларды Кыргызстандагы “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын ишмердүүлүгүнүн кеңири чөйрөсү менен тааныштырууга багытталган, интерактивдүү билим берүү форматында өттү.

Студенттер менен жолугушуп, “Атом” тасмасын көрсөтүү өлкөнүн келечектеги инженерлери менен энергетиктери конструктивдүү диалогго даяр экендигин тастыктады. Жаштар стереотиптерди критикалык көз карашта баалап, энергетика тармагынын өнүгүшүн илимдин жана чыныгы экологиялык жоопкерчиликтин призмасы аркылуу талкуулоого  жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

Теги: росатом
Scroll to Top