Өлкө башчы майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам ушул жылдын 18-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамда майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо жана абилитациялоо, алардын социалдык, саясий укуктары жана кепилдиктери, саламаттык сактоо жана медициналык-санитардык жардам, эмгекти коргоо жана эмгек иши, билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү укуктары жана кепилдиктери, ошондой эле инфратүзүмдүк объекттерге жеткиликтүүлүк укугу жөнүндө ченемдер каралган.
Мыйзам БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын (2019-жылдын 13-мартындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган) ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.