Ысык-Көлдө «Климат-Тоолор-Жаштар» лагери өтүүдө

Ысык-Көл облусунун Чоң-Кызыл-Суу айылындагы гидрометеорологиялык станциянын аймагында «Климат-Тоолор-Жаштар» аталышындагы жаштар лагери өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, лагер президенттин демилгеси менен тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси тарабынан уюштурулган.
Лагерде жаштарга лидерлик сапаттарды жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү, тоолуу аймактардагы климаттын өзгөрүшүн изилдөө, талаа изилдөө көндүмдөрүн өздөштүрүү, альпинизм жана тоолордо коопсуз жүрүм-турум боюнча тренингдер өтөт.
Тренингдердин максаты Кара-Баткак мөңгүсүнүн мисалында студенттердин жана экология боюнча жаш активисттердин мөңгүлөрдүн эриши, жайыттардын деградациясы, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин изилдөө жана жаштарда экологиялык жоопкерчиликтүү ой жүгүртүүсүн калыптандыруу болуп саналат.