Ооганстан менен Пакистан Трансафган темир жолунун долбоору боюнча макулдашууга жетишти

Ооганстан менен Пакистан Трансафган темир жолунун долбоору боюнча макулдашууга жетишти

Ооганстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Трансафган темир жол долбоору боюнча акыркы макулдашууга жетишти. Бул тууралуу «Караван инфо» маалымат агенттиги П акистандын мамлекеттик радиосуна шилтеме жасап, жазды.

Маалыматка ылайык, бул долбоор Өзбекстан, Ооганстан жана Пакистанды байланыштырууну жана региондогу экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

«Макулдашуу Исламабад шаарында тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын биринчи жолугушуусунда жетишилди. Талкуулар алкагында соода, транзит, региондук коопсуздук жана транспорттук байланыш маселелерине өзгөчө көңүл бурулду»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>