Ооганстандагы террордук чабуулдан 40 аскер каза болду

Ооганстандагы террордук чабуулдан 40 аскер каза болду

Афганистандын борбордук Газни провинциясында бомба салынган унаа жарылып, кеминде 40 ооган аскери курман болуп, 24 адам жаракат алганын CNN билдирди.

Дех Як провинциясындагы коопсуздук базасынын алдында кол салган адам унааны жардырып жиберген.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, кол салган адам базага кирүүгө аракет кылып жатканда коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан. Азырынча бир дагы топ жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Жергиликтүү бийликтин Рейтер агенттигине билдиргенине караганда, жардыруу ооган коопсуздук күчтөрүнүн канаты болгон коомдук коопсуздук комплексине тийди. Алардын айтымында, натыйжада комплекстин айланасындагы карапайым калктын үйлөрү жабыркады, жабыркагандар болушу мүмкүн.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Тарик Ариан жарылууну тастыктады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>