Ооганстандын экс-президенти Гани элинен кечирим сурады

Ооганстандын экс-президенти Гани элинен кечирим сурады

Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Гани 15-августта Кабулдан чыгып кетип, «Талибан» кыймылынын өлкөнү басып алуусуна мүмкүндүк бергени үчүн элден кечирим сурады.

Өз билдирүүсүндө ал кайсы бир чет өлкөлүктөр анын өмүрүнө кол салууга даярданышканын белгиледи.

«Мен Кабулдан чыгып кеткенден кийин алар президенттик сарайга кирип, иш бөлмөлөрдөн президентти издешкен. Мен үйдөгү бут кийимимди туфлиге алмаштыра албай калган шартта өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Өзүм менен эң башкы байлыктарым болгон китептеримди, жеке ноутбугумду жана күндөлүгүмдү алып кете албай калдым. Менде өлкөдөн чыгып кетүүмдү эл аралык күчтөр менен талкуулоого эч кандай мүмкүнчүлүк болгон жок. Бул чечим өтө тез жана коопсуздук кызматкерлеринин басымы менен кабыл алынды. Мекенимден бир гана костюм менен чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Мен булардын баарын башкача аяктай албаганым үчүн ооган элинен кечирим сурайм. Кудай буюрса бул боюнча дагы кеңири айтып берем», — деп жазган Бириккен Араб Эмираттарында экенин билдирген Ашраф Гани.

Ал өлкөдөн миллиондогон доллар каражатты чыгарып кеткендиги тууралуу буга чейин айтылган маалыматтарды дагы бир жолу четке какты.

«Мындай айыптоолордун баары жалган. Коррупция бул ондогон жылдар бою биздин өлкөнү чолок кылган оору болду. Президент катары жемкорлукка каршы күрөшүү дайыма менин аракеттеримдин көңүл борборунда болуп турду», — деди ал.

16-августта АКШнын президенти Жо Байден Ооганстандын бийлиги убадасына карабастан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана согушууга жөндөмсүз болуп чыкканын билдирген.

«Ооганстандын саясий жетекчилиги өз элинин жыргалчылыгы үчүн биригүүгө, өлкөнүн келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жөндөмсүз болуп чыкты. Гани мырза ооган аскерлери согушат деп ишендирген, бирок ал жаңылыптыр», — деген Байден.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>