ОПЕК 2050-жылга чейин мунайга болгон суроо-талаптын олуттуу өсүшүн божомолдоду

ОПЕК 2050-жылга чейин мунайга болгон суроо-талаптын олуттуу өсүшүн божомолдоду

ОПЕК уюмунун World Oil Outlook (Дүйнөлүк мунай перспективалары) аттуу жылдык баяндамасында дүйнөдө мунайга болгон суроо-талаптын олуттуу өсүшү божомол келтирилген. Аталган жылдык баяндама кечээ, 10-июлда өткөн уюмдун 9-эл аралык семинарында жарыяланды.

Документке ылайык, 2050-жылга чейин мунай керектөөнүн көлөмү 2024-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу 18,5%га өсүп, суткасына дээрлик 123 миллион баррелге жетет.

ОПЕКтин баш катчысы Хайсам аль-Гайс CNBC телеканалына курган маегинде, уюм мунай өндүрүүгө коюлган ыктыярдуу чектөөлөрдү алып салуу чечимин дүйнөлүк экономиканын күчтүү өсүшү жана энергия булактарына болгон жогорку суроо-талап күтүлүп жаткандыгына негиздеп кабыл алганын билдирди. Ушул жылы ОПЕК дүйнөлүк экономиканын өсүшү 2,9% деңгээлинде болот деп болжолдоп жатат, бул дагы келечектеги мунайды керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу божомолдорго таасир этет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>