Орусиянын Оренбург облусундагы жол кырсыгынан 4 кыргыз жараны каза болду. Малыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 7-июлда эртең менен болгон. Кыргызстандыктар “ВАЗ-2107” унаасы менен Оренбург—Самара жолунда баратып, “Шкода” үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.
Окуя болгон жерге Кыргызстандын Оренбургдагы консул консулу да барган. Маркумдардын сөөктөрүн Кыргызстанга 9-июлда жөнөтүлөрү айтылууда.