Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аймактардагы кинотеатрларды оңдоого 1,5 млн доллардан ашык каражат бөлүүдө

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аймактардагы кинотеатрларды оңдоого 1,5 млн доллардан ашык каражат бөлүүдө

Кыргызстандагы эски кинотеатрларды оңдоп-түздөө максатында Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Атлант Синема” ЖЧКсы каржылоо боюнча келишимге кол коюшту. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 1 миллион 550 миң долларды түзөт. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Маалыматка ылайык, бул долбоор Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылып, Министрлер кабинетинин колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Ал заманбап кинозалдар жетишсиз болгон аймактардагы маданий инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

«Бишкек жана Ош шаарларынан айырмаланып, район борборлорунун жана айылдык калктын сапаттуу кинофильмдерге, өзгөчө улуттук өндүрүштөгү тасмаларга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү. Кинотеатрларды реконструкциялоо бул кырдаалды оңдоого жана маданий эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө болот»,- деп айтылат маалыматта.

«Бүгүнкү күндө Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жеке ишкерлер менен биргеликте Кыргызстандын аймактарындагы эски кинотеатрларды калыбына келтирүү боюнча ири долбоорду ишке ашырууга киришти. Фонддун каржылоосу аркылуу алты объектини реконструкциялоо пландалууда. Биринчиси — 250 орундуу Чолпон-Ата шаарындагы “Чолпон” кинотеатры болот. Ошондой эле Кербен, Араван, Беловодское, Баткен жана Токмок шаарларындагы кинотеатрлар да калыбына келтирилет», — деп билдирди фонддун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков.

Фонддун маалыматында, долбоордун алкагында 63 жаңы жумуш оруну түзүлөт деп күтүлүүдө. Ошондой эле салыктык жана социалдык төлөмдөр көбөйөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>