Орусияда иштеген Кыргызстандын үч жаранын топурак басып калды

Орусияда иштеген Кыргызстандын үч жаранын топурак басып калды

3-майда Орусиянын Геленджик шаарында курулуш иштери жүрүп жаткан аянттардын биринде топурак көчкөн.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анын натыйжасында урандылардын астында үч жумушчу – Кыргызстандын жарандары (И.А.С., Э.у.Э. жана Д.Э.А.) калган. Дагы бир Кыргызстандын жараны С.К.О. денесинен жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерде Орусиянын тиешелүү кызматтары тарабынан издөө-куткаруу иштери уланууда.

Россиянын Тергөө комитетинин Краснодар крайы боюнча Геленджик шаары боюнча тергөө башкармалыгы курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>